УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында УКМК кызматкерине каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси Н.П. пара берүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

«Арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталды, 2021-жылдын 31-майында аталган Н.П. аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылгандыгы аныкталды», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты тууралуу УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. 4-июнда шектүү жаран кармалып, учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.