Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы узартылып, 10-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим бүгүн, 7-июнда кабыл алынган. Ниязов ЖАМКтын №21 мекемесинде кармалат.

Эске салсак, Фарид Ниязов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы шайлоодон кийинки башаламандык уюштуруу фактысы боюнча кармалган.