Түштүк Кореянын Кванжу шаарында беш кабаттуу имарат автобустун үсүнө кулап, тогуз адам каза болуп, сегиз адам ар кандай жаракат алды.

Улуттук өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 17 жүргүнчү ташыган автобус жарактан чыгаруу үчүн имараттын алдына токтогон, ошол учурда ал кулап түшкөн. Имараттагы бардык жумушчулар алдын-ала эвакуацияланган.

Улуттук өрт коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, 17 жүргүнчүсү бар автобус бузула турган имараттын жанына токтогон. Ошол учурда имарат урап түшүп, автобусту басып калган. Ал эми имараттын ичиндеги жарандар ага чейин эле эвакуацияланганы белгилүү болду.

Өлкөнүн президенти Мун Чжэ Ин бул окуя боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.