Өлкөдө 11-июнга карата коронавирус дагы 526 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 232, Ош шаарында – 101, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 63, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 31, Баткен облусунда – 17 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 303 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 176, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 13, Талас облусу – 3, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 3 адам сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.