Коом

Касперский лабораториясы киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө УКМКга жардам берет

Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун директору полковник Жоробаев Жаныбек Суюнбаевич «Касперский лабораториясынын» Борбор Азия боюнча коммерциялык директору Зубанов Валерий Константинович менен жолугушту. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматынан  билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү жаатында кызматташуунун эң актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун потенциалын жогорулатуу иштери талкууланды,

Жолугушуунун катышучулары кибер кылмыштуулук көбүнчө сыркаркы жерлерден аткарылып жаткандыгына байланыштуу эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү бул жаатта ийгиликтүү иштөөнүн өбөлгөсү болуп саналаарын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, киберкылмыштуулукка каршы иш-чараларды координациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын УКМК КККБнын «Касперский лабораториясы» менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө документке кол коюулуп,  анын алкагында компьютердеги инциденттерге чара көрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү пландаштырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button