Рейд по проверке соблюдения масочно-перчаточного режима в одном из отделений «Почты России» в районе станции метро «Смоленская».

Москвада бийлик коомдук жайларда маска жана кол кап кийип жүрүүгө, ошондой эле ишканаларга санитардык нормалардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүдө, деп жазат INTERFAX.

Министр  Евгений Данчиковдун айтымында, Москвада эпидемиологиялык абал начарлап баратат, оорулардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу, бүгүнкү күндөн баштап жарандардын жеке коргонуу каражаттарын коомдук жайларда, анын ичинде коомдук транспортто, метродо, соода жана көңүл ачуу борборлорунда, ошондой эле жарандардын башка эл көп чогулган жерлерде колдонушун көзөмөлдөө күчөтүлүүдө.

Ал жарандар тарабынан талаптар бузулганда 4 миңден 5 миң рублга чейин айыппул салуу каралгандыгын эске салды.

«Ошондой эле санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактабаган ишканалар менен уюмдарга көзөмөл күчөтүлөт», — деп кошумчалады ал.