Саясат
Министр Г.Абдралиева Кулунду-Максат-Арка, Самаркандек-Мадыген-Дархун жолдорунун курулушу менен таанышты
Транспорт жана коммуниациялар министр Г.Абдралиеванын Баткен облусу боюнча жумушчу сапары уланууда. Бүгүн министр Кулунду-Максат-Арка, Самаркандек-Мадыген-Дархун жолдорунун курулушу менен таанышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдирди.
Максат айылынын Кулунду-Максат-Арка жолунун курулушу менен таанышып жатып, асфальт тѳшѳп жатканда асфальттын түз куюлушун жана жолдун бойлой тратуар курулушун эске алуууну ѳтүндү. Ошондой эле министр Самаркандек-Мадыген-Дархун жолунун курулуш иштери менен таанышты жана тиешелүү кызматтарга жумушту ыкчамдатууну суранды.
Министрди тиешелүү кызматтардын жетекчилери Ж.Содомбаевым жана А. Усенов коштоп жүрүүдѳ.