Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин комитетинде кызматынан кетүүгө даяр экендигин билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө кыйынчылык болгондуктан баардык маселени чечүүгө аракеттер көрүлүүдө.

«Эгерде маселе менде болсо азыр кетүүгө даярмын. Мен деле бир жыргап, ырахаттанып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынычылык болгондуктан уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат маселени чечүү. Президенттибиз «Кумтөр» кенинен баштап баардык маселени коюп жатат. Биз аракет кылып жатабыз. Бирөөдөн пара алып жумушка койсом, жумуштан азыр кеткенге даярмын. Менин максатым эртең биз иштеп кеткенден кийин артымда бир иш калса экен деп жатам. Ошол эле учурда жоопкерчиликти алганга даярмын. Капиталдык салымдар жетпей жатат, чече албай жатам, суу жетпей жатат. Кайсы жагына жеткирейин? Эми ушул меселени чечбиз да Кудай буйруса» , —  деди премьер-министр Улукбек Марипов парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда.

Ал кошумчалагандай, ал ар дайым кызматтан кетүүгө даяр экендиги жөнүндө айткан.

«Күнү-түнү өзүмдүн ырахатым үчүн иштейм. Мен жоопкерчиликтен качкан жокмун. Сиздин айткан сыныңызга кошулам. Баарыбыз күнөөлүүбүз. Капиталдык салымдар үчүн акча талап кылынат, бирок каражат жетишсиз. Суу жетишсиз. Биз күнү-түнү иштейбиз. Биз премьер-министрди алты айда бир алмаштырып, бири-бирибизди айыптай баштагандыктан, абал өзгөрбөйт, аны чечүү мүмкүн эмес ”, — деди Улукбек Марипов.