Блогер блокКоом

Улуттук Банк  коррупциянын «уюгуна» айланганбы?

Журналист-аналитик, экономикалык серепчи Турат Акимов Улуттук Банктын ишмердиги боюнча кызыктуу, ойлондурчу пост жазыптыр. Ал Толкунбек Абдыгулов башында турган Улуттук Банк натыйжасыз, банкрот абалга кептелген коммерциялык банктарды куткаруу үчүн миллиарддаган сомдорду жумшаарын, чоң коррупциялык схема иштей турганын маалымдады. Турат Акимовдун бул жазганында чындык бардай…

Дегенибиз, кезинде Росинбанкты Атамбаев 6 млн. долларга саткан болсо, Улуттук Банк аны кайра 60 млн. долларга сатып алганы айтылган. Айырма эмнеге мынчалык чоң? Бул суммага «ѳлгѳн» банкты сатып алууга Улуттук Банкка эмне күч келди?

Айрымдар Толкунбек Абдыгуловду сомдун долларга карата курсун кармап турган мыкты менеджер катары сыпатташат. Ал өзүн да ушундай позициялаганды жакшы көрөт. Сөз жок, билимдүү, банк, финансы чөйрөсүн мыкты билген адис. Бирок Улуттук Банктын резервиндеги долларларды рынокко чыгарып сатып, аны менен доллардын курсун токтотумуш болууга акылдын деле кереги жок болсо керек. Бул мактана турган иш эмес.

Толкунбек Абдыгулов коммерциялык банктар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, элдерге өтө эле кымбат үстөк пайыздагы насыяларды берүү менен чоң акчаларды жасап жаткандай таасир калтырат. Коммерциялык банктардын насыяларынын үстөк пайыздары жогору экенин айтканда, төшүн дзотко тоскондой эле аларды коргоого өтөт. Эмне үчүн насыялардын үстөк пайыздары кескин жогору? Эмнеге комбанктардын бул багыттагы ишмердигин  жөнгө салбайт? Бул Улуттук Банктын түздөн түз милдети го.  Жүздөгөн, миңдеген жарандар насыяларын төлөй албай, үй-жайларынан ажырап аткандарын Абдыгулов билеби?

Бүгүн барган жеринен  экономиканы көтөрүүгө каражат, инвестиция сурап жүргөн президент Садыр Жапаров  Улуттук Банктын бул багыттагы ишмердигине кызыгып койсо ашыкча болмок эмес. Коррупцияга күрөш жарыялап, далайлардын сазайын берип аткан УКМК, анын башында турган Камчыбек Ташиев эмнеге Улуттук Банктын ишмердигин текшерүүгө албайт? Жибектей созулган, ашкере маданияттуу, кичипейил  Толкунбек мырзанын ишмердигинде көөп «былыктар» быкшып жаткан болуп жүрбөсүн…

Мурат Эркин уулу, Бишкек шаары.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button