Индияда коронавирус штаммынын дагы бир варианты табылды. Махараштра штатынын төрт районунан табылган  «дельта плюс» (дельта +) деп аталган вирустун мутациясы 20га жакын адам жуктурган, деп жазат The Hindustan Times.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги айтымында  делта +   азырынча «кооптонууну жараткан» сапатка ээ эмес деп белгиледи. Махараштра штатынын өкмөтү штаммдын үлгүлөрү геномду (секвенирование генома) текшерүүгө жөнөтүлгөнүн айтты. Изилдөөлөрдөн кийин гана  бул таркалуучубу (жугушту) же вирустун жаңы варианты экиндиги белгилүү болот деп маалымдады.

Ушул тапта Махараштра штатынын — Синдхудург, Ратнагири, Палгар жана Джалгаон райондорунда дельта + штаммын жуктурган 20 учур катталган.

Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Индияда пандемия башталгандан бери инфекциянын жаңы түрүн жуктуруп алгандардын жалпы саны дээрлик 30 миллионго жеттип, 28,7 миллиондон ашуун адам айыгып, 386 миңден ашуун адам көз жумган. Учурда дагы 729 миң адам оору менен күрөшүүдө.