Бүгүн, 22-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 915 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 478 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 428 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.