НАСАнын окумуштуулары кальмарларды Эл аралык Космос станциясына жиберишти. Ошентип, изилдөөчүлөр иммундук системанын узак учууларга болгон реакциясын изилдей алышат деп жазат Би-Би-Си.

 НАСАнын изилдөөчүлөрү SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен 100дөн ашык кальмардын кичинекей балдарын жана 5000 микроскопиялык жаныбарларды ЭКСке жөнөттү.

Эксперименттер илимпоздорго космостук саякаттын кесепеттерин түшүнүүгө жардам берет деп болжолдонууда. Кальмарлар космостогу саякаттын микробдор менен жаныбарлардын пайдалуу өз ара байланышына тийгизген таасирин изилдөө үчүн колдонулуп жатат. Кальмардын иммундук системасы адамдыкына окшош болот.

НАСА эксперимент космостук узак учуулар учурунда космонавттардын ден-соолугун сактоочу коргоочу чараларды иштеп чыгууга жардам берерин белгилейт.

«Жаныбарлар, анын ичинде адамдар, тамак сиңирүү жана иммундук системаны сактоо үчүн микробдорго ишенишет. Космостук учуу ушул пайдалуу өз ара байланыштарды кандайча өзгөртө тургандыгын биз толук түшүнө элекпиз ”, — деди изилдөөчү Джейми Фостер.