Мунайды кайра иштетүүчү “Токмок” жана “Жунда” заводу ишке кирсе Кыргызстан өзүн күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кыла алат. Бул тууралуу  маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси Сагын Маматоморов билдирди.

Анын айтымында, “Жунда” заводу жылына 800 миң тонна, “Токмок” заводу 400 миң тонна күйүүчү-майлоочу майды иштеп чыгат.

“Алар учурда иштебей турат. Эгер ишке кирсе, анда күйүүчү майга болгон тартыштыгыбызды жапканга кудурети жетет”, — дейт ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов энергетика жана өнөр жай министринин маалыматы таянып, Кыргызстанда бүгүнкү күндө мунайдын 290 млн тоннасы бар экендигин белгиледи.

“Андан тышкары, мунайды кайра иштетүүчү 10 завод бар. Алар жылына 2 млн 150 миң тонна иштеп чыга алат. Ал эми Кыргызстандын ички керектөөсү 1,5 млн тоннаны түзөт. Заводдор толук кандуу иштеси өзүбүздү күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кыла алабыз”, — деп айтат Эшатов.