Вакцина албагандарга айлык бербеш керек. Мындай сунушун экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, азыр мамлекеттин бюджетинен 300 миңден ашык кызматкерлер айлык алып иштешет.

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.