Коом

«Кумтөр» иши. Төрөбай Зулпукаровдун жактоочулары кимди камаш керектигин атады

Депутат Төрөбай Зулпукаров 2012-жылы кимдир бирөөнү Кумтөргө байланыштуу парламенттин токтому боюнча чечим чыгарууга көндүргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тергөө иштеринде депутат кимди чечим кабыл алууга көндүргөнү көрсөтүлгөн эмес.

«Биздин кардардын иш-аракеттери мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирген жок. Бул Жогорку Кеңештин 2012-жылдагы токтому. Андан кийин парламент «Кумтөр» долбоору боюнча бир нече токтомдорду карады. «Ата Мекен» фракциясы өз долбоорун сунуштап, анда кенди улутташтырууну суранган. Калгандары, анын ичинде Төрөбай Зулпукаров дагы макул болушту. Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия кабыл алган экинчи токтом долбоору. Башка эл өкүлдөрү демилгелеген үчүнчү долбоор дагы бар. Үч документ тең окшош, анча-мынча айырма бар. Бир долбоордо «Кумтөр» жабык акционердик коомунун кызмат ордуна дайындалышы керек болгондордун аты-жөнү көрсөтүлгөн, экинчисинде идентификация болгон эмес, бирок алардын маңызы бирдей «, — деди Таалайгүл Токтакунова.

Адвокаттын айтымында, «Кумтөр» боюнча белгилүү бир чечим кабыл алууга ыктаган башка депутаттарды  да түрмөгө камоо керек.

«Эгерде биз баардыгы акыйкат болушун кааласак, анда 2003, 2009 жана 2017-жылдары парламентте отурган депутаттарды камаш керек ”, — деп кошумчалады Таалайгүл Токтакунова.

Адвокат Асылбек Кочкоров белгилегендей, 2012-жылдагы Жогорку Кеңешинин чечими менен Башкы прокуратурага депутаттык комиссиянын корутундусунда чагылдырылган «Кумтөр» долбоорундагы укук бузуу фактыларын иликтөө жана аларга укуктук баа берүү, кызматташуу боюнча бардык түзүлгөн келишимдер жана башка документтерди кароо иши берилген.

 

“Эмне үчүн Жогорку Кеңештин чечими үчүн эки-үч гана депутат камалат? Парламентарий айтылган ой-пикир үчүн жооп бере албайт, эл өкүлдөрү өз чечимдерин эркин сунуштай алышат. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ошондой эле эл аралык иштер боюнча БК комитеттерине жүктөлгөн. Андан кийин Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков төрага болушкан, бирок алар бошотулган », — деди Асылбек Кочкоров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button