2021-жылдын 29-июнь  күнү Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комиттеттин жыйыны болуп өттү.

Бул иш-чара БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын  колдоосу менен уюштурулган. Комитеттин ишин Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комиттеттин төрагасынын орун басары-Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, жооптуу катчы Тимур Искаков жетектешти.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ички иштер министрлигинин, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, тышкы иштер министрлигинин, коргонуу министрлигинин, билим берүү жана илим министрлигинин, экономика жана финансы министрлигинин, юстиция министрлигинин жана эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Координациялык комитеттин  башкы тапшырмасы баңгизатты жүгүртүүнү көзөмөлдөө чөйрөсүн координациялоонун натыйжалуу моделин түзүүгө Кыргыз Республикасынын бардык  мамлекеттик өкүлдөрүнүн күч-аракеттерин жумшоо болуп эсептелет.

Комитеттин жыйыны ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун сөзү менен башталды. “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жетекчилигинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман жыйындын катышуучулары менен учурашып кетүүгө уруксаат этиңиздер. Бүгүн биз баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө тутумунун улуттук уюмунун айланасындагы ички иштер органдары үчүн гана эмес,  бардык мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга маанилүү болгон  кызматташуунун жана мамиле түзүүнүн стратегиясынын негизги багыттарын талкуулайбыз. Бардыгыбызга бүгүнкү ишибизде ийгиликтерди каалап кетмекчимин”,-деди Улан Ниязбеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы, дүйнө жүзүндөгү баңги абалды, Кыргыз Республикасынын калкын баңгизаттар, психотроптук заттар  курамында камтылган даары-дармектер менен камсыздоо боюнча жобону жана көрүлүп жаткан чараларды, укуктук-ченемдик актыларды талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин,  мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, комитеттин жооптуу катчысы Тимур Искаков өз баяндамалары менен чыгышты. Анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн терс кесепеттери баяндалып, бул багытта иштерди күчөтүү керектиги, Кыргызстандын жарандарын баңгизатка байланышкан терс көрүнүштөрдөн алыс болуусун камсыздоо маселелери айтылды.

Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комиттеттин кароосуна коюлган материалдарды эске алуу менен, андан сырткары күн тартибинде каралган  маселелер боюнча баяндамасы менен чыккан мамлекеттик органдардын ишин комитет баалап, бир нече тапшырмаларды жана сунуштарды берди.

Комитеттин  жыйыны 26-июнь-Баңгизаттарды кыянаттык менен колдонууга жана  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө  карата уюштурулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы