Акыркы эки күндө Канаданын  ар кайсы шаарларында аптаптуу ысыктан жүздөн ашуун адам каза болушу мүмкүн. Бул тууралуу CBC каналы жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен билдирди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, акыркы 48 сааттын ичинде Ванкувер, Барнаби жана Суррей шаарларынын полициясына жарандардын күтүүсүздөн каза болгондугу жөнүндө жүздөн ашуун билдирүү келип түшкөн, алардын көпчүлүгү пенсияга чыккан. Болжолдуу түрдө, бул абанын нормадан жогору температурасы менен байланыштуу.

Телеканал Литтон шаарында 27 жана 28-июнда жогорку температура катталып,  49 градуска жеткенин белгилейт. Канаданын башка провинцияларында термометрлер 40-45 градуска чейин жеткен. Шейшемби күнү айрым аймактарда температура төмөндөй баштады, бирок айрым жерлерде алар жуманын аягына чейин сакталат.