Кечээ, 30-июнда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын кесиптик майрамынын урматына жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнүн 30 жылдык маарекесине карата Куткаруучуларынын эстелигине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага ӨКМдин ардагерлери, ардактуу коноктор, аймактык башкармалыктардын жана ведомстволордун башчылары катышты.

Б.Ажикеев министрликтин ардагерлерин, кызматкерлерин куттуктап, төмөнкүлөргө токтолду;

«Биз бүгүн салтанаттуу майрамдардын бири — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучулар күнүн белгилеп жатабыз. Бул майрам бардык куткаруучуларга, анын ичинде тоо-кен куткаруу кызматтарына, өрт өчүрүүчүлөргө, суучулдарга тиешелүү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жылда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап, ошону менен катар ар кандай өзгөчө кырдаалдардарга өз убагында маани берип, алардын алдын алуу боюнча керектүү иштерди аткарышат. Бул кесип — чоң даярдыкты гана эмес, жеке эрдикти да талап кылат.

Бул биз үчүн чоң сыймык!

Биз ар дайым элибиздин бейпилдиги, саламаттыгы, тынчтыгы үчүн кызмат кылууга мекен алдында ант бергенбиз. Ар бир куткаруучу ошол антын бекем сактап, элибиздин башына кандай гана кыйынчылык келбесин кол сунуп, көмөктөшүүгө даяр турушат.

Оор кырдаалдарда куткарылган ар бир адамдын өмүрү үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздердей эр жүрөк, мекенчил, өз ата-журтуна берилгендик менен кызмат кылган кесиптештерибиз бар болгондугу үчүн элибизде тынчтык орноп, бейпилдик өкүм сүрүүдө.

Урматтуу кесиптештер, Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыныздар менен куттуктап жатып, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге чоң ийгиликтерди, чын ден-соолук, узун өмүр каалоо менен үй-бүлөңүздөр менен бакубат жашоо тилейм!”, — деп сөзүн аяктады министр.

Иш-чара КР ӨКМдин өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.