Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга кетер алдында «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоп беришти.

Аталган мыйзам долбоору ипотекалык насыя алууда жана аны төлөөдө карапайым калкка жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан. Демилгечилери Аалы Карашев менен Айнура Осмонова.

«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» мыйзамдан «баштапкы төлөм – 10 пайыз» деген сөздү алып салуу жана ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү «5 жылдан кем эмес» деген сөздү «15 жылдан кем эмес» деген сөзгө алмыштыруу сунушталууда», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Депутаттар документти Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында карап, үчүнчү окууда жактырышты. Мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.