Ош шаарында 2,5 жашар кызды уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Окуя 2-июлда болгон. Милицияга кыздын энеси арыз жазган.

«Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жердеги байкоочу камералардан 35-40 жаш чамасындагы эркек киши наристеге сүйлөп, ээрчитип баратканын көрүшкөн. Натыйжада Ак-Буура районунун криминалдык милиция кызматкерлери кызды аман-эсеп таап, ата-энесине өткөрүп беришкен. Шектүү 38 жаштагы Алай районунун Ч.А. аттуу тургуну экени аныкталган», — деп айтылат билдирмеде.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси менен («Киши уурдоо») кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кичинекей кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүрүүдө.