Мындай пикирин жарандык активист Талант Мамытов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, аталган райондо түнкүсүн Тажикстандан контрабандалык жол менен товарлар ташылып жатат.

«Урматтуу Баткендик бир туугандарым, жердештерим. Жакында эле башыбыздан оор күндөр өтүп, ыйлап көзүбүзгө эч нерсе көрүнбөй зар какшап тажиктер менен ызылдаштык эле. Канчалаган бээ күнөө бир туугандарыбыздан, жердештерибизден айрылдык эле. Үй бүлөбүздү, эли жерибизди сактап калалы деп аягына чейин деп күрөштүк эле. Жараткандын буйругу экен башыбыздан ушундай оор күндөр өтүп жатат. Бирок тилеке каршы контрабанданы токтото албай жатабыз. Туура, беш манжа барабар эмес дегендей көпчүлүк эл сабыр кылып түшүнүп эле отурушат чек ара чечилсин деп. Бирок өз напсисин тыя албаган биздин кээ бир жарандарыбыз дагы деле түн ичинде контрабанда жолу менен кыймылдап жатышат экен. Мен аларды кыргыздын ичинен чыккан элдин душмандары деп билем. Себеби алар биздин элдин бетине түкүрүшүп, өз эли жерине кыянаттык мамиле жасап жатышат. Күндүзү эл көзүнө патриот болушуп, бирок кечинде тажиктер менен мамиле кылып жатышат.

Биздин Лейлек районунун ылдыйкы зонасындагы жаштар силерден сураныч, кайдыгер карабай ынтымакта, биримдикте биргелешип чек араны көзөмөл кылалы. Такталбаган маалыматтарга караганда түн ичинде контрабанда өтүп жатат экен. Мен силерден суранам чогулуп түндөсү дагы кезек менен көзөмөлдү күчөткүлө, эгерде жардам керек болсо биз дагы колубуздан келген аракетти кылабыз.

Жердештерим, бир туугандарым сиздерден сураныч , чек ара чечилгенче аз гана сабыр кылып туруңуздар, эч ким ачкадан өлгөн эмес, кудай берген ырыскыбыз бар, болгону напсибизди тыйып туралычы буюрса баары жакшы болот»,-деген ал.