Аксыда селден каза болгон 8 кишинин ичинен алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу. Бул тууралуу кырсык болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта ӨКМдин куткаруучулары жана 200дөй тургун 2 жаш баланын сөөгүн издеп жатышат.

«Кечээ түштөн кийин жайлоодо жамгыр жааган. Андан түшкөн агынды суу Жолборс айылындагы чатырды алган. Ал жерде 7 киши болгон. Анын баары каза болуптур. Алардын алтоо бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Алардын улуусу 1958-жылы туулган аял киши. Анын 1981-жылы туулган кызы жана неберелери: 2009-жылы туулган, 2014-жылы туулган, 2005-жылы туулган, 2018-жылы туулган балдар.

Алар менен бирге Ак-Жол айылынан 2009-жылы туулган бала конокко келген. Ал да каза болду. Кечээ түнү саат 02:00гө чейин издөө иштерин жүргүзгөнбүз. Ал арада 6 кишинин сөөгүн таап, туугандарына өткөрүлүп берилди. Ушул тапта ӨКМден 25 куткаруучу жана 200дөй тургун 2,5 жаштагы жана 5 жаштагы баланын сөөгүн издеп жатышат», — деди айыл өкмөт башчы Т.Султанмуратов.

Каза болгон 8 кишинин жетөө Ак-Жол айылынын, бири Жаңы-Жол айылынын тургундары болгон.