Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткенде чек арада Тажик тараптын кол салуусунан каза болгон прапорщик Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырды.
Бекзат Юлдашев Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 1990-жылы 11-майда туулган. Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Аскер кызматында иштеп жүргөнүнө 8 жыл болгон. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Кызы 1-класста окуйт, андан кийинки уулу 6 жашта, кичүүсү 6 айлык. Ал жогорку окуу жайды Бишкектен аяктаган.
Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай айылдарынын, Лейлек районунун Арка, Максат айылдарындагы куралдуу кагылышууда 36 жаран каза болгон.