Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кожом-Булак жана Кара-Бак жергелеринде чек арачылар мамлекеттик чек арадан аткезчилик жүктү өткөрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Кара-Бак жергесинен нөөмөттө турган чек арачылар жүк ташуучу унаанын 2 даана дөңгөлөгүн жана ушул эле күнү Баткен районунун Кожом-Булак жергесинен КР жараны Н.К. Тажикстандын аймагынан Кыргызстандын аймагына 18 коробка тамекини мыйзам алып өтүп бара жатканда кармашкан.

Кармалган товарлардын болжолдуу баасы 670 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана товарлар андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.