Коронавирустун жугуштуу «Дельта»  түрүн жуктуруп алгандарда жыттын жана даамдын бузулушуна караганда, ичеги-карын оорулары көп байкалууда. Бул тууралуу «Известия» гезитине берген маегинде вирусолог, Россия Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Новосибирск мамлекеттик университетинин (НМУ) бионанотехнология, микробиология жана вирусология лабораториясынын башчысы Сергей Нетесов билдирди.

Нетесовдун айтымында, айрым симптомдор   көбөйүп, башкалары азайган. «Жыт сезүү жана даам сезими начарлаган адамдар (анын ичинде «Дельта» штаммына чалдыккандар) азыраак жана ичеги-карын ооруларынын белгилери көп кездешет»,- деди вирусолог.

Илимпоз муну вирустун  клеткаларга карата өзгөргөндүгү менен түшүндүрдү. «Сыягы, ал алар менен жакшыраак байланышкан окшойт. Мындай клеткалар өпкөдө, кан тамырларда жана ичегилерде болот. Симптомдордун өзгөрүшүнө ушул себеп болгон болушу ыктымал, «- дейт адис.