Коом

Надырбек Алымбеков: «Айтматовдун күмбөзүнө бийик түндүк орнотулганы туура болот»

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө орнотулган түндүктүн тегерегинде коомдо бир топ талаш пикирлер жаралууда. Айрымдар «түндүк көтөрүлүп туруш керек» дешсе, кээ бирлер «аза күтүүнүн символу катары жерде түшүрүлүп туруу керек» деген пикирлерин айтышууда. «Kadammedia.kg» маалымат порталы коомго белгилүү инсандардын омоктуу ойлору менен ой бөлүштүк.

Надырбек Алымбеков, Эл акыны:

Бул боюнча менин көз карашым түз эле. Диний жактан алып караганда көпчүлүк, мындай мүрзөлөрдөгү коюлган эстеликтерди бузбоо керек дешет. Бирок, биз пенделер тарыхта калсын деген ой менен мезгил агымына ылайыктап жаңыртып келишет. Мисалы Калыгул Бай уулунун 300 жыл мурунку ылайдан жасалган коргонунун үстүнө чөбөрөсү  Турдакун Усубалиевич күмбөз жасап койду. Ушул сыяктуу эле Айтматовдун күмбөзүн деле куран окуп бир аз жогорулатып оңдоп койсо эч нерсе болбойт. Башкысы мезгилге ылайыктап, элге жаккандай оңдоп койсо эч нерсе болбойт. Айтматов биздин сыймыгыбыз, мен мурда а киши менен чогуу иштешип калдым, абдан сыйлайм Кыргыздын сыймыгы кайра тескерисинче колдон келсе менин каржым жетсе тээ Тоонун асканын башына орнотот элем.

Назира Мамбетова, КР эл артисти:

 

Түндүктүн жерде болушу кыргыз улутунун жашоо образына, түшүнүгүнө карама-каршы келет. Түшкөн түндүк жамандыктын белгиси. Ошондуктан, адам баласынын түндүгү көтөрүлүп, төбөдө бийик турушу керек. Анткени, түндүк адамдын тирүүлүгүнөн жана жашоо уланып жатканынан кабар берет.

Айтматов каза болгондо түндүк түшүрүлгөн. Бирок, ал өлгөн жок, чыгармалары жашап жатат, эл унуткан жок. Түндүктү көтөрүп, күмбөзүн жаңыртып койгону туура болот.

Максат Кулуев, төкмө акын:

Кыргыздын тарыхында эл башкарган хан, ажолор каза болгондо кыркына чейин түндүк түшүрүлгөн.  Айтматов каза болгондо түндүгүбүз түштү, жалпы журт аза күттүк. Бирок, артында  балдары, калдайган калың эли, өлбөс, өчпөс дүйнө элине таанылган чыгармалары калды. Андан бери  канча жыл өттү , мамлекет өз жолунда кетип жатат. Чет өлкөдөн коноктор келет аларга Айтматовдун күмбөзүн көрсөткөндө түндүк түшүп турат деген туура эместей болуп калат. Биз артында эли, анын жолун улаган шакирттери турат, тескерисинче түндүгүн бийик көтөрүп алдыга карай өнүксөк деген ой да менин оюм.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button