Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүүдө. Ачылыш аземде Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн спортчулары өз өлкөсүнүн желегин көтөрүп, салтка айланган параддан өтүштү.

Кыргыз өлкөсү парадда 56-номер менен чыгып, өлкө желегин суучул Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыкты. Парадга эң алгач Олимпиада оюндарынын мекенин көрсөткөн Грециянын курамасы чыкты. Андан кийин качкындар тобу параддан өттү.

Олимпиаданы өткөрүүчү өлкө Япониянын курама командасы парадды жабат. Япониянын алдында кийинки эки жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган АКШ жана Франция командалары өтөт.