Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Токиодогу Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады. Ал бүгүн, 24-июлда ок атуу боюнча мелдешке катышты.

10 метрден пневматикалык мылтык атуу мелдешине жалпы 50 спортчу катышты. Кубанычбекова 612,8 упай топтоп, 48-орунду ээледи. Финалга 8 спортчу чыккан. Финалга чыгуу үчүн 628,5 упай топтоо керек болчу. Каныкей Кубанычбекова медаль үчүн күрөштөн четтеп, Токио оюндарындагы оюнун аяктады.