Бүгүн, 24-июлда Лейлек районунун Билим жана илим кесиптик кошуну тарабынан билим берүү кызматкерлеринин балдары «Алтын Бешик» эс алуу лагерине кетишти.
Ата-энелердин билдирүүсүнө ылайык, балдар лагердин 2- агымынын алкагында, 24-июлдан 2-августуна чейин 70 бала эс алат.
Аталган лагер Лейлек районундагы Төө жайлоодо жайгашкан. Табият койнунда кооз жаратылыш менен таанышуу менен катар балдар үчүн оюн-зоок жана интелектуалдык программалар каралган.