КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеринде КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган Баткен районунун акими жана облустук тиешелүү күч органдарынын жетекчилери жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана чыр чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш алып барууда.

«Учурда эки тараптуу ок атышуу токтогон. Абал туруктуу, эки тараптын чек ара кызматтары,тиешелүү күч кызматкерлери жана Баткен районунун акими чек аралаш аймакта абалды жөнгө салуу жана болтурбоо боюнча жеринде эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүдө»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн, 24-июлда тажик жарандары Баткендеги Кум-Мазар участкасында такталбаган аймакта тазалоо иштерин,ишембилик жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу пикир келишпестик жаралып, ок атуу орун алган.