Таластта 17 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгул Узакбаева билдирди.

Анын айтымымында, Бакай-Ата районунун тургуну арыз менен кайрылып, 2004-жылы туулган кызын айылдагы балдар алсыздыгынан жана ден соолугунан (кем акыл) пайдаланып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

«Учурда иш Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөдө экен. Жакындары иш жеткиликтүү текшерилбей, жыйынтык болбой жатат деп кайрылышты», – деди ал.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 8-июнунда Бакай-Ата РИИБге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына​ ​ катталган материал келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун 2004-жылы туулган тургуну — кош бойлуу Т.С. (37 жума) түшкөндүгү көрсөтүлгөн.