Бүгүн, 4-августта «Токио 2020» XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова япониялык спортчу айым Юкако Каваи менен килемге чыгып 3:4 эсебинде жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.
Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан.
Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен беттешип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен.
Кечээ, 3-августта Тыныбекова украиналык балбан Ирина Коляденко менен кез келди. Анда атаандашын буйдамга келтирбей, 10:0 эсебинде жеңип алды.