Ала-Букадагы аскерлер вакцинадан кийин тынчсыздануунун жана коркуунун күчөшүнөн улам ооруп калышкан. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги AstraZeneca вакцинасы менен эмделгенден кийин аскер кызматкерлеринин массалык терс таасирине байланышкан окуя боюнча комментарий берген.

Белгиленгендей, Ала-Букада 5-августтан тартып дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаткан 56 аскер кызматкерлеринин абалы канааттандырарлык. 7-августта аскерлер андан ары дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу үчүн медициналык бөлүмгө жөнөтүлдү. Вакцина алуудан кийин мүнөздүү болгон клиникалык симптомдор (дене табынын 39 градустан жогору болушу, баш оору) организмдин эмдөө алууга жообу катары бааланды.

Министрлик аталган окуя катталгандан кийин комиссия түзүлүп, консультация берүү үчүн жерине жөнөп кетишкени тууралуу маалымат берди.

“Бул учурдун себептерине ылайык, эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлер категориясына караганда уюшулган топтордо (билим берүү мекемелеринде, университеттерде, аскер бөлүктөрүндө) жаш куракка мүнөздүү болгон эмдөө жөнүндө тынчсыздануу (коркуу, тынчсыздануу) менен байланышкан реакция катары бааланат” , -деп айтылат билдирүүдө.

COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин байкалган бардык кыйыр таасирлер башка ушул сыяктуу эмдөөлөргө мүнөздүү болгондой эле олуттуу эмес, көпчүлүк симптомдору: эмдөө алган жердеги оору, баш оору, ысытма жана башкалар, бул 12-24 саат аралыгында өтүп кетет. Эмдөө алгандан кийинки терс таасирлердин 4 учуру катталса маалымат базасына каттоого алынат.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ала-Бука районунда AstraZeneca менен эмдөөдөн соң абалы начарлаган 44 жоокердин саламаттыгы жакшы.

“Жоокерлер медициналык бөлүктө андан ары да кароодо болушат. Эмдөөдөн кийинки клиникалык симптомдору: дене табынын көтөрүлүшү, баш оору – киши организминин вакцинага реакциясы катары бааланды. Буга жоокерлердин корккону да себеп болгон”, – деп билдирди мекеме.

6-августта AstraZeneca вакцинасы менен Ала-Букадагы аскердик бөлүктүн 90 жоокери эмделген. Төрт жоокердин дене табы 39 градустан жогору көтөрүлүп, башы ооруган. Кырк жоокердин дене табы бир аз көтөрүлгөн.
Окуяны иликтөө үчүн министрлик AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтоткон.

Жалпысынан Жалал-Абад облусуна Astra Zeneca вакцинасынан 4000 доза жөнөтүлгөн, анын 211и сайылган.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 600 миңден ашты. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.