Америкалык диетолог Холли Кламер түнкү уйкунун жакшырышына жардам бере турган суусундукту атады.

Адистин айтымында, алчанын ширесин үзгүлтүксүз ичип турсаңыз, уйкуңуз жакшырат. «Уктаар алдында бул шире тез уктоого жардам берет. Себеби, анын курамында мелатонин бар, бул уйку-ойгонуу циклин жөнгө салуучу гормон ”,-деп түшүндүрдү Кламер.

Ал  бир жума бою алча ширесин, экинчи топ плацебо  колдонгон изилдөөнүн жыйынтыгын айтты. Натыйжада, жети күндөн кийин, алчанын ширесин ичкен биринчи топ уйкунун  кыйла жакшырганын айтышкан.

Кламер кошумчалагандай, кээ бир адамдар жатар алдында алча ширесин ичишсе, түнкүсүн ажатканага барууга туура келерин эскертет. Бул учурда ал диетага жаңы үзүлгөн  алчаны кошууну сунуштайт. Мелатонинден тышкары, бир стакан алчанын курамында калий камтылган, бул дагы жакшы уйкуга жардам берет.