Мамлекеттик мектептер менен бала бакчалар быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсүн уланта баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлердин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн ушундай чечим кабыл алынууда:
“Эмдөөдөн дагы эле өтүп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин 70%дан ашыгы вакцина алды”.
Абдылдаева окуучуларга милдетүү мектеп формасы талап кылынбай турганын кошумчалады. Себебин пандемия шартында көпчүлүк ата-энелер каржылык жактан кыйналып турушканы менен түшүндүрдү.
Эске салсак, пандемияга байланыштуу 2020-жылдын март айынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар аралыктан окууга өтүшкөн.