Коом

Мамкурулуш: Баткенге курулушчулар керек, айлык акысы жакшы

Мамлекеттик архитектура агенттигине Баткен облусунда иштөөгө даяр куруучулар керек. Бул тууралуу турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директору Талантбек Эшбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, департамент курулуш тармагындагы адистерди алар менен байланышууга чакырат. Өзгөчө шыбакчылар, сырдоочулар жана жыгач усталар талап кылынат.

Кызыккан ар бир адамга жумуш орду дайындалып, түнөк уюштурулат жана жакшы эмгек акы убада кылынууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын чек арага жакын айылдарында 120 үй жана 84 социалдык объекттер, анын ичинде мектеп, ФАП, бала бакча, ички иштер министрлигинин имараты, төрт чек ара заставасы, медициналык пункт, стоматология борбору, эки дарыкана, өрт бекети, 27чи куюучу май станциясы, 34 соода объектиси. беш ашкана жана үч тойкана талкаланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button