Коом

Борбор калаада үч көчө оңдоп-түзөөдөн өтүп колдонууга берилди

«Бишккасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын үч көчөсүн оңдоду.  Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Леваневский көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки узундугу 780 погон метр болгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Шаар тургундары көчөдө коопсуз жүрүүсү үчүн 51 жол белгисин орнотуп, узундугу 1400 погондук метрге жол чиймелерин жасалган.

« Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү айдоочулар үчүн ачык. Биз узундугу 700 погон метр жерди оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк, реконструкциядан кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзөт. Жол коопсуздугу үчүн 26 жол белгиси орнотулуп, узундугу 1450 погон метр жол чиймелери чийилди.

Оңдоп-түзөөдөн кийин көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди түзүп, тротуар, унаа токтотуучу жай, сугат системасы, дренаждык торлор, жолдун жана тротуардын бордюрлары эки тараптан коюлду»- деп атйылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалаганай, Васильев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки жол куруу иштери аяктады.

Көчөнүн ондолгон бөлүгүнүн узундугу 630 погон метр, унаа жолунун туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун жайгашуусун эске алуу менен тротуарды жана сугат системасын  бир жактан гана жабдууга мүмкүн болду. Ошондой эле жол белгилери жана жол чиймелери каралган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button