Бишкектеги «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнө жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат берген аял кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын ыкчам-тергөө тобу ЦУМга жардыруучу каражат коюлгандыгын жана барымтага алынгандар бар экенин телефон чалып кабарлаган адамды аныктоо боюнча иш алып барган.

Факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси («Терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү») боюнча каттоого алынган.

«Иштин алкагында Сокулук районунда туулган 1994-жылкы Г.З.А. аттуу аял кармалды. Ал ГУМдан «Нур Телеком» компаниясынан сим-карта сатып алып ЦУМга бомба коюлганы жана адамдар барымтага алынганы боюнча жалган маалымат берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, аялдын мындай кылмышка баруусуна аталган соода борбордо иштеген күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон», — дешти УКМКдан.

Учурда аялдын мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. УКМК мындай жалган маалыматтар үчүн кылмыш иши каралганын эскертти.