Коом

Тажикстандыктар чек арада казып жаткан окоптор: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт

Кечээ, 11-августта Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык оорукананын терезесине ок атылган окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн облус жетекчилигинде күч түзүмдөрү менен биргеликте чукул жыйын уюштурулду. Анда чек арада болуп жаткан кырдаал талкууланып, тапшырмалар коюлду. Интернационал айылындагы оорукананын хирургия бөлүмүнүн терезесине ок атылганы боюнча тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ага катар эле чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жатканы маалым болгон. Бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

«Мен Тажикстандын Согди облусунун губернатору менен сүйлөштүм. 1-2 күндүн ичинде жолугушуу болот. Анда чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт. Чек арачылар да тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эгерде мындай көрүнүштөр боло берсе, дагы чыр-чатак башталып кетиши мүмкүн. Аны алдын алуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болушу керек. Эл арасында ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Бирок алардын арасында чындыкка дал келгени да бар. Аларды тактап, текшерүү керек», — деди ал.

Жакында эле Максат айылындагы такталбаган аймакка тажик тарап дубал курган болчу. Алимбаев учурда ал жумуш токтотулуп, тажик тарапка бул боюнча атайын маалымат берилгенин билдирди. Бул мыйзамсыз курулган дубал бузулуп, мурдагы калыбына келтирилиши керек.

Бүгүн, 12-августта Баткендин Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө аймагында Баткен районунун акими, тиешелүү укук коргоо органдары тажик тараптын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн жолугат.

Эске салсак, кечээ, 15:10 чамасында Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылганы угулганын билдирген. Интернационал айылындагы аймактык оорукананын имаратынын экинчи кабатындагы терезени ок тешип өткөн. Ал жерде 5,45 мм калибриндеги «АК-74» автоматынын огу табылган.

Булак: Турмуш кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button