Ысык-Көлдө 19-20–август күндөрү унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-20–август күндөрү Ысык-Көл районунун аймагында чет элдик делегациялардын катышуусунда Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги саммити өткөрүлөт.

«Буга байланыштуу Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы-Ананьево-Каракол автоунаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып, унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Иш-чаранын жагдайына байланыштуу айрым учурларда аталган автоунаа жолу 4 сааттан, 5 саатка чейин жабылышы божомолдонууда. Ошол себептүү жолдо жүрүүдө ар кандай ыңгайсыздактарга кабылбоо үчүн жүргүнчү ташуучу кичи автобустар, жүргүнчү ташуучу жеке такси жана башка унааларга Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы Жети-Өгүз, Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат», — деп билдиришти мекемеден.

Аталган аймактын жол коопсуздугун камсыздоо кызматы эл аралык иш-чарага байланыштуу болуп жаткан ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.