Коом

Мэрия: Бишкектеги Магистраль көчөсү оӊдоо үчүн жабылды

 Бүгүн, 17-августтан баштап Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн Садырбаевден Кырманга чейинки бөлүгү оӊдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, көчөнүн узундугу 560 метр, жолдун туурасы 8 метрди түзөт. Оӊдоо иштери башталардын алдында тоскоолдук жараткан 16 телефон мамысы алынат.

Ошондой эле көчөнүн бир жагына ирригация тармагы, экинчи жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк салынат.

«Тыгындардын алдын алуу үчүн сиздерден унаа менен жүрүү маршрутун алдын ала пландаштырууну суранабыз», — деп жазылат мэриянын маалыматында.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button