Кылмыш-кырсык
Жалал-Абаддагы техникалык тейлөө станциясындагы өрт учурунда беш унаа күйүп кетти
Жалал-Абадда техникалык тейлөө станциясындагы өрттөн беш унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, өрт Абдрахманов көчөсүндөгү тейлөө станциясында башталган.
Өрттөн 1997 -жылы туулган адам жабыркаган. Ал 1 -даражадагы күйүк алган. Ага тез жардам кызматкерлери жардам беришкен.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.