Бишкек шаардык милициясы жарандардан Ооганстан тууралуу эски видеолорду таратпоону өтүнөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

«Учурда WhatsApp аркылуу Ооганстанда адамдардын өлүм жазасына тартылган видеолору тарап жатат. Бул тасмалар азыркы Ооганстандагы окуяларга эч кандай тиешеси жок. Ал видеолор бир нече жыл мурун Сирияда тартылган. Биз силерден суранып кетебиз, ар кандай провокацияларга алдырбагыла жана андай видеолорду ар кимге таратпагыла», — деп кайрылат Бишкек ШИИББи.