Коом

Бишкек шаарынын аймагында Свердлов РИИБдин милициянын аймактык пункту ачылды

Бүгүн, 17-август күнү Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов жана  Киев көчөлөрүнүн кесилишинде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №18 милициянын аймактык пункту ачылды.  Бул иш-чарага Бишкек ШИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев, анын орун басары Тилек Тюкебаев, Свердлов РИИБдин начальниги Азамат Байгазиев, “Алто” ЖЧКсынын башкы директору Фатима Усеналиева, “Евразия” соода-оюн-зоок бизнес борборунун директорунун коопсуздук боюнча  орун басары  Данияр Усеналиев жана “Агард” күзөт-детективдик кызматынын башкы директору Чоро Аманжолов катышты.

Азамат Ногойбаев “Евразия” соода-оюн-зоок бизнес борборуна бишкек шаарынын милициясына кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Бардыгына бейкуттук,  туруктуу өнүгүү каалап, ИИМдин түзүмдүк медалдары менен сыйлады.

Милициянын аймактык пункту саат 09:00дон 22:00го чейин иштейт. Анда жарандарды жана шаардын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү  үчүн бардык шарттар түзүлгөн.  Бул пунктта 4  милиция кызматкери иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген аймакта кызмат көрсөтүшөт.

 

Свердлов РИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button