Коом

Афганистандан дагы 15 кыргызстандык жаран эвакуацияланды

Бүгүн, 18-августта, Афганистандан дагы 15 кыргызстандык жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар азыр Казакстанда.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Кабулдан Кыргызстандын жарандарын чыгарып кетүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, кечээ 17-августта, элчиликтин жардамы менен Кыргызстандын 9 жараны эвакуацияланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button