Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Артём Новиков Ош жана Баткен облустарында болуп, андагы 10дон ашык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Новиков өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү максатында Ош облусунда 900дөн ашуун адамды иш менен камсыздай турган ири тигүүчү фабрика куруу пландалып жатканын айтты.

«Ошто 900дөн ашуун жумуш орундарын түзө турган ири тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпы аянты 8 гектарды түзгөн күнөскана чарбасынын ээлери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, комплексти 2 эсеге кеңейтүү үчүн каржылоо алышат. Ош облусундагы компаниялардын бири насыя алуу үчүн кайрылып жатат. Анын долбоору Орусиядан келген Абердинангус бодо малынын асыл тукумун көбөйтүүгө багытталган. Аталган фонд артыкчылыктуу багыттар боюнча насыялык линияларды берүү үчүн ишкерлер менен иштөөнү улантат», — деп жазылат Артём Новиковдун билдирүүсүндө.