Бүгүн, 23-августка караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 228 адамдан коронавирус аныкталып, 5 бейтап илдеттен каза болду.
— Бишкек шаарында 152 адам;
— Чүй облусунда 27 адам;
— Ысык-Көл облусунда 26 адам;
— Жалал-Абад облусунда 7 адам;
— Баткен облусунда 2 адам;
— Ош облусунда 0 адам;
— Нарын облусунда 3 адам;
— Талас облусунда 9 адам;
— Ош шаарында 1 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 174 148 адам катталган.
Акыркы суткада 5 бейтап көз жумду.