Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогуна катышуу үчүн көк бөрү боюнча Өзбекстан курама командасы Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы кабарлады.

“Спортчуларды көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана Ош облусу боюнча көк бөрү федерациясынын жетекчисинин орун басары Абди Исаков тосуп алышты”, – деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, мелдеш өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Өзбекстан курамасы жаңы ачылган эл аралык лигада оюн алып барат.