Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттинмаалымат кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
— Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
— Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары;
— Коопсуздук кеңешинин катчысы;
— Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
— Жогорку Кеңештин Төрагасы;
— Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
— Президенттин Администрация башчысы;
— мамлекеттик катчы;
— башкы прокурор;
— коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.