Ысык-Көлдө өткөн форумда спортчу Акжол Махмудовдун «Токио 2020» жайкы Олимпиада оюнунда кийген трикосу 26 миң долларга сатылды.

Бул сумманы форумга келген бизнесмендер чогултушту. Акжол Махмудов өзү 1 миң доллар кошуп, чогулган акчанын 60 пайызы Аруузатка, 30 пайызы кайрымдуулукка, ал эми 10 пайызы ак илбирсти коргоого жумшалат.

Форумдун коноктору 100 доллардан 5 миң долларга чейин каражат чогултушту.

Эске салсак, Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болгон.